• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жылытуу мезгилинде саламаттык сактоо мекемелерине 19,5 миң тонна көмүр керектелет

Коом 0

Бишкек, 15.09.23. /Кабар/. Саламаттык сактоо министринин орун басары Бакыт Жангазиев "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында саламаттык сактоо тармагынын күз-кыш мезгилине даярдыгы тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө саламаттык сактоо тармагында жылытууга муктаж 5 миң 821 мекеме бар. Анын ичинен 5 миң 302 объект электр энергиясы менен жылытылса, 487 объектте катуу отун колдонулат жана 36 объект борбордук жылытууга кошулган.

Ал белгилегендей, алдыдагы жылытуу мезгилине 108,5 млн сомго 19,5 миң тонна көмүр керектелет. "Азыркы учурда 106 млн сомго 18,7 миң тонна көмүр жеткирүү боюнча келишимдер түзүлдү. Учурда 45 млн сомдук көмүр жеткирилди. Калган бөлүгү графикке ылайык жеткирилет", - деди Жангазиев.

Пикир

Оставить комментарий