• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан менен СУАРдын ортосундагы айыл чарба кызматташтыгы кеңейтилет

Коом 0

Бишкек, .01.04.24. /Кабар/. Бүгүн суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары С.Насирдинов Кытайдын СУАРдын айыл чарба департаментинин директору Айхмати Мамат жана Синьцзян-Уйгур автономиялык районунун делегациясы менен жолугушту.

Ведомстводон билдиришкендей, жолугушууда эки аймактын айыл чарба тармагындагы кызматташуусун тереңдетүү, Кыргызстандан Кытайга айыл чарба продукциясын экспорттоого көмөк көрсөтүүгө басым жасалды.

Эки тарап тең айыл чарба тармагындагы тажрыйба жана учурдагы абал менен маалымат алмашып, соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечегин жана мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Кытай делегациясы Кыргызстан тарабынан Кытайга экспорттолуп жаткан айыл чарба продукциясынын ассортиментин кыйла кеңейтүү боюнча кадамдарды макулдашты.

Насирдинов эки өлкөнүн айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө салым кошо турган кызматташтыкты тереңдетүү жана биргелешкен ишканаларды түзүү келечегине ишенимин билдирди.

Айхмати Мамат мындай жолугушуулардын өз ара түшүнүшүүнү бекемдөө жана кызматташтыкты өнүктүрүү, өз ара аракеттенүүнүн негизги багыттарын, анын ичинде соода-экономикалык кызматташтыкты белгилөө, селекция жана үрөнчүлүк чөйрөсүндөгү байланыштарды чыңдоо, ошондой эле айыл өкмөт башчыларынын активдүү катышуусу үчүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий