• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандын оор атлетика курамасы Таиландда лицензиялык мелдешке катышууда

Спорт 0

Бишкек, 01.04.24. /Кабар/. Кыргызстандын оор атлетика боюнча улуттук курама командасы лицензиялык мелдешке катышууда. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш Таиланддын Пхукет шаарында 27-мартта башталган, 12-апрелде жыйынтыкталат. Ага 109 өлкөдөн келген 409 спортчу катышууда.

3-апрелден тарта кыргызстандык спортчулар килемге чыгат. Алгачкылардан болуп Эльзар Таиров (73 кг) өз күчүн сынап көрөт. Оюндар Бишкек убактысы боюнча саат 10:30да башталат.

Курама команданын тизмеси:

  • Бекдөөлөт Расулбеков (102 кг);
  • Эмил Молдодосов (89 кг);
  • Ишимбек Муратбек уулу (67 кг);
  • Эльзар Таиров (73 кг);
  • Нурсултан Тармалов (96 кг).

Курама команда башкы машыктыруучу Камбар Токтоналиев жана улук машыктыруучу Өмүржан Молдодосовдун жетекчилиги алдында мелдешке катышууда.

Пикир

Оставить комментарий