• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кадамжайда жарандардын катышуусунда жыйын өтүп, ысырапкорчулук маселеси талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 02.03.22. /Кабар/. Кадамжайда жарандардын катышуусунда жыйын өтүп, ысырапкорчулук маселеси талкууланды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 1-мартта Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын залында район аймагындагы айыл аймагынын башчылары, мечиттин имамдары, аксакалдар кеңешинин төрагалары, аялдар кеңеши катышкан чоң жыйын болду. Жыйынга район акими К.Шакиров, ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын өкүлдөрү Ө.Умаров, Б.Ашырбеков, Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниги К.Козубаевтер катышты.

Жыйында президент Садыр Жапаровдун каада-салттардагы ысырапкерчиликтерди азайтуу багытында чыккан Жарлыгы жеткирилип, ар бир айыл аймактын жашоочуларына мындан ары түшүндүрүү иштери жүргүзүүлөрү белгиленди. Ошондой эле район аймагындагы жол кырсыктарын алдын алуу, жол белгилерин орнотуу боюнча талкуулар жүрдү.

Кадамжай РИИБнин кызматкерлери экстремизм жана мыйзамсыз миграция багытында атайын видео тасмаларды даярдап, жыйындын катышуучуларына кылмыштуулуктун алдын алуу, коомдун коопсуздугун сактоо максатында көрсөтүлүп берилди. Район аймагындагы жаш өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулар боюнча кеңири маалыматтар берилип, жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугу, үй-бүлөлүк зордук зомбулукту алдын алуу боюнча иш-чаралар айтылып өттү.

Айыл аймактын башчылары, аялдар кеңештери көйгөй жараткан суроолорду беришип, милиция кызматкерлери тарабынан канааттандырарлык жоопторду алышты.

Пикир

Оставить комментарий