• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Москванын четиндеги Люберцы шаарында эки кыргызстандык көп кабаттуу үйдөн кулап түшкөн

Кырсык 0

Бишкек, 02.03.22. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 27-февралында Кыргызстандын эки жараны Москванын четиндеги Люберцы шаарында көп кабаттуу үйдөн кулап түшкөн. Бул тууралуу КРнын РФдагы элчилигинин басма сөз кызматы маалымдайт.

Россиянын укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, Москва облусунун Люберцы шаарындагы турак үйлөрдүн биринин 17-кабатынан кулап кетүүнүн кесепетинен 1998-жылы туулган КРнын С.Ж.Д., аттуу жараны каза болуп, 1995-жылы туулган Б.Н., аттуу кыргызстандык оор абалда медициналык мекемеде жатат.

"Элчилик тергөөчү, маркумдун жакындары жана жабыркагандар менен байланышта. Учурда окуя боюнча алдын ала иликтөө иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий