Бишкек, 23.08.18. /Кабар/. Бүгүн, 23-августта Ош облусунун Араван районунда, алдын ала маалымат боюнча Керме-Тоо айыл аймагынын Манас айылында мечиттен өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, өрттү өчүрүүгө саат 07:15те КР ӨКМнин Араван райондук №64 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм, КР ӨКМнин Ош шаардык №12 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм, жалпы 2 бөлүм тартылган. Өрт саат 07:50дө чектөөгө алынган. Өрт болгон жерде 2 эркек адамдын жансыз денеси табылган. Учурда өрттү толук өчүрүү иш-чаралар жүрүп жатат.
Пикир
Оставить комментарий