• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, кыргыз жаранынын үйү өрттөндү

Кырсык 0

Бишкек, 13.03.19. /Кабар/. Бүгүн кечинде кыргыз-тажик чектешкен аймактагы эки өлкө жашоочулары ортосунда жаңжал чыккан. Бул тууралуу КР Мамлекеттик чек ара кызматынын ЖМК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирет.

"13-мартта Кыргызстанда жайгашкан Тажикстандын Ворух анклавынан өтчү Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушуна нааразы болгон тажик жарандары Ош-Исфана жолун Жака-Өрүк аймагынан жаап салган. Ал эми кыргыз жарандары Ак-Сай айылындагы жолду жапкан. КР менен ТРнын дээрлик эки жүзгө жакын жашоочулары бири-бирине таш ыргытышкан", - деп айтылат маалыматта.

Чек ара кызматынан билдиришкендей, тараптардын ортосундагы чырды токтотуу максатында кыргыз жана тажик чек арачылары асманга ок чыгарууга мажбур болушкан.

Маалыматка ылайык, чек арачылардын абалды турукташтыруу аракетине карабастан, чектеш аймактын жашоочулары өздөрүн агрессивдүү алып жүрүшүп, тажик жарандары кыргыз жаранынын жеке турак жайын өрттөп салышкан.

Учурда эки өлкөнүн тийиштүү органдары кырдаалды жөндөө үчүн сүйлөшүп жатканы кабарланды.

"Кырдаалга байланыштуу Баткен чек ара бөлүмү күчөтүлгөн тартипке өттү", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий