• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Оштогу таштанды полигонунда ымыркайдын жансыз денеси табылды

Кырсык 0

Бишкек, 14.12.18. /Кабар/. Ош шаарынын таштанды таштоочу полигонунда кечээ, 13-декабрда, болжол менен 14:40 чамаларында жаңы тѳрѳлгѳн ымыркайдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, баланы ошол жерди аралап, эски темир-тезек буюмдарын чогултуп жүргѳн аялдар таап алышкан. Алар табылган ымыркай тууралуу полигондун кѳзѳмѳлчүсүнѳ айтышып, күзөтчү милицияга кабарлаган.

Ымыркай картон коробкага салынып, үстү ич кийимдер менен жабылган.

Бала табылган жерге ыкчам тергѳѳ тобу барып, тиешелүү кароо иштери жүргүзүлдү.

Аталган факт боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды. Учурда ыкчам-изилдөө иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий