• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

2019-жылдын аягына чейин 189 кызмат электрондук форматка өтөт

Коом 0

Бишкек, 12.14.18. /Кабар/. Электрондук кызмат көрсөтүүнүн мамлекеттик порталы пилоттук режимде иштей баштады. Учурда 10 кызмат электрондук форматта көрсөтүлүп жатат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасында санарипти өнүктүрүү боюнча чараларды караган Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында билдирди.

Анын айтымында, эки жума ичинде, ушул жылдын аягына чейин электрондук форматта кызмат көрсөтүүлөрдүн саны 25ке жеткирилет. Андан сырткары Мамлекеттик каттоо кызматынын 25 кызмат көрсөтүүсү бирдиктүү порталга киргизилиши зарыл.

"Жыйынтыгында 2019-жылдын аягына чейин 189 кызмат электрондук форматка өткөрүлөт. Бул иштер белгиленген мөөнөттөн кечиктирилбей аткарылышы керек.

Жарандарыбыз айтылган кызматтарды электрондук форматта толук бойдон ала башташ үчүн „Түндүк“ электрондук системасын ишке киргизүүнү тездетүү өтө чоӊ мааниге ээ", - деп билдирди мамлекет башчысы.

Президент бул иш бардык мамлекеттик органдардан көз каранды экендигин кошумчалады.

Белгилей кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасында санарипти өнүктүрүү боюнча чараларды караган Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү.

Жыйындын жыйынтыгы менен Коопсуздук кеңешинин чечиминин долбоорун негиз катары кабыл алып, айтылган сунуштарды эске алуу менен иштеп чыгуу сунушталды.

Пикир

Оставить комментарий