• 88.68
  • 95
  • 0.95

Сокулукта кафеден өрт чыгып, бир адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 12.06.23. /Кабар/. Бүгүн, 12-июнда Сокулук районунун Жаңы-Жер айылындагы кафеден өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрт кырсыгы катталган аймакка өрт өчүрүүчү 2 күжүрмөн эсеп тартылып, өрт саат 13:30да толук өчүрүлгөн.

Кырсыктын кесепетинен кафенин 70 чарчы метр аянты, жанаша жайгашкан автомектептин 40 чарчы метри күйүп, 1994-жылы туулган А. Э. аттуу жаран жеңил жаракат алган.

Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.

Пикир

Оставить комментарий