• 88.68
  • 95
  • 0.95

ӨКМ: Арал - Миң-Куш унаа жолу ачылды

Кырсык 0


Бишкек, 04.05.22. /Кабар/. Арал - Миң-Куш унаа жолу ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 3-май күнү Арал - Миң-Куш унаа жолу бир тараптуу ачылган.

Бүгүн жерине жолду кеңейтүү иш-чараларын улантууга ӨКМден ыкчам топ жана Жарандык коргонуу кызматтарынан 6 техника тартылган.

Эскерте кетсек, 1-май күнү саат 15:00 чамасында Арал - Миң-Куш унаа жолунун 20-чакырымында жер көчкү түшүп, Миң-Куш дарыясынын жарымын басып калган.

Жер көчкүнүн кесепетинен суунун деңгээли көтөрүлүп, унаа жолдун болжол менен 35-40 метр аралыгын жеп кеткен. Унаалардын өтүүсүнө кооптуу абал жаралгандыгына байланыштуу жол убактылуу жабылган.

Пикир

Оставить комментарий