• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Мурас" достук турниринин чейрек финалына чыккан командалар белгилүү болду

Спорт 0

Бишкек, 04.05.22./Адил Төлөгөнов – Кабар/. Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда футбол боюнча “Мурас” салттуу достук мелдеши өтүүдө.

Кыргыз футбол бирикмеси жана президенттин администрациясы тарабынан уюштурулган мелдеш 4-5-майда "Газпром" ден соолукту чыңдоо комплексинде өтүүдө.

"Мурас" достук турниринин чейрек финалына төмөнкү командалар чыкты:

1. “Президенттин администрациясы" — “Спорттук федерациялар”;
2. “Ыйман” — “Журналисттер”;
3. “Бизнес” — “Жогорку Кеңеш”;
4. “Алга” — “Билим”.

Ата мекендик футболдун 100 жылдыгына арналган декабрдагы турнирде президент Садыр Жапаров бул спорттук иш-чара салттуу түрдө жылына эки жолу (кыш-жай) өтүп турарын жарыялаган.

Бул ирет чемпиондук наам үчүн 12 команда күрөшүүдө. Командаларды тайпаларга бөлүштүрүү боюнча чүчү кулак тартуу аземи өтүп, ага ылайык, 4 тайпа түзүлгөн:

  • А тайпасы: “Президенттин администрациясы, “Ден соолук”, “Жогорку Кеңеш”;
  • В тайпасы: “Өнөр”, “Билим”, “Ыйман”;
  • С тайпасы: “Бизнес”, “Элчилер”, “Спорттук федерациялар”;
  • D тайпасы: “Алга”, “Аймактар”, “Журналисттер”.

Эреже боюнча, ар бир тайпанын жеңүүчүсү жана экинчи орунду ээлеген команда чейрек финалга чыгат. Тайпалык жана чейрек финалдык оюндар 4-майда, жарым финал менен финал 5-майда өтөт.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 17-декабрында кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган футзал боюнча достук оюну өткөн. Анда биринчи орунду маданият ишмерлеринин “Өнөр” командасы, экинчи орунду футбол ардагерлеринин “Алга”, ал эми үчүнчү орунду мамлекет башчысы Садыр Жапаров башында турган “Президенттин администрациясы” ээлеген.

Пикир

Оставить комментарий