• 88.68
  • 95
  • 0.95

Волейболчу кыздар арасындагы клубдук командалардын XIII чемпионаты жыйынтыкталды

Спорт 0

Бишкек, 06.12.21. /Кабар/. Бишкекте кыз-келиндер арасындагы Кыргызстандын волейбол боюнча клубдук командалардын XIII чемпионаты жыйнтыкталып, жеңүүчүлөрдү жана байгелүү орундардын ээлерин сыйлоо аземи өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдеш 5-декабрь күнү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда болду.

Иш-чарага Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Нурлан Исмаилов жана Кыргызстандын волейбол федерациясынын президенти Элмурза Сатыбалдиев катышты.

Мелдештин чемпиону болуп Бишкек шаарынын “Дордой” командасы аталды. Күмүш медалды Бишкек шаарынын “Салам-Алик” командасы тагынды. Ал эми чемпионаттын коло байгесин “Улар” командасы жеңип алды.

Чемпионатка жалпы 8 команда катышты. Жеңүүчү жана 2, 3-орундарды ээлеген командалар кубок жана медалдар менен сыйланышты.

Белгилей кетсек, чемпионат Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы жана Кыргызстандын волейбол федерациясы тарабынан өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий