• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов Россиянын ачык чемпионатына катышат

Спорт 0

Бишкек, 31.03.21. /Кабар/. Сууда сүзүү боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү Денис Петрашов Россиянын ачык чемпионатына катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдеш 3-9-апрелде Казань шаарында өтөт.

Спортчуну башкы машыктыруучусу Евгений Петрашов коштоп барат.

Белгилей кетсек, спортчу жана машыктыруучу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын эсебинен Казань шаарына жөнөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий