• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда акыркы суткада 11 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 17.10.23. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы суткада 11 өрт кырсыгы катталып, аны өчүрүүгө 12 бөлүм тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

  • Ош облусунда – 5;
  • Ысык-Көл облусунда – 3;
  • Жалал-Абад облусунда – 1;
  • Баткен облусунда – 1;
  • Чүй облусунда – 1 өрт катталган.

Алсак, Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылында жыгач устундуу шифер менен жабылган турак үйдүн 120 чарчы метр чатыры толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Токмок шаарынын Ленин көчөсүндө турак үйдүн 20 чарчы метр чатыры, "Пассат" үлгүсүндөгү жеңил унаа толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий