• 88.68
  • 95
  • 0.95

Санариптик өнүктүрүү министри РФ жаранына биринчи “Мекен-картты” тапшырды

Коом 0

Бишкек, 12.06.23. /Нурзат Жумалиева - Кабар/. Санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов ата-энеси Кыргызстандын жараны болгон Ж.Исанбек кызы аттуу Россиянын жаранына биринчи "Мекен-картты" тапшырды.

Ведомствонун маалыматына ылайык, министр Ж.Исанбек кызын "Мекен-картты" алышы менен куттуктап, ага чың ден соолук, ийгилик жана бакубатчылык каалады.

Эске сала кетсек, "Мекен-карт" автоматташтырылган маалымат тутуму 2023-жылдын 13-мартында өндүрүштүк пайдаланууга берилген.

"Мекен-картты" алуу үчүн документтерди кабыл алуу Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү паспорттоштуруу бөлүмдөрүндө жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө, Калкты тейлөө борборлорунда жана Калкты каттоо департаментинин алдындагы аймактар аралык бөлүмдөрүндө жүргүзүлөт.

Долбоор мурда КР жарандыгында турган чет өлкөлүк жарандарга, алардын балдарына жана неберелерине мекендеш статусун алууга жана өлкөнүн аймагында болуу үчүн бардык артыкчылыктардан пайдаланууга мүмкүндүк берет, бирок шайлоодо добуш берүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат.

Мекендеш статусун алган адам:

  • Кыргызстандын аймагына визасыз чыга/кире, транзит менен өтө алат жана жүрө алат;
  • мамлекеттик жана муниципалдык органдардан тышкары иштей алат;
  • саламаттык сактоо жана билим берүү чөйрөсүндө КР жарандары менен катар акы төлөнүүчү кызматтарды ала алат.

Пикир

Оставить комментарий