• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда кургакчылыктан улам жазгы-талаа иштерин жүргүзүү темпи төмөндөдү

Коом 0

Бишкек, 12.06.23. /Кабар/. Кыргызстанда кургакчылыктан улам жазгы-талаа иштерин жүргүзүү темпи төмөндөдү, деп билдирет Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматы.

Ведомствонун маалыматына караганда, үстүбүздөгү жылдын 23-майына карата республика боюнча жалпысынан 661 миң гектарга жакын жаздык эгин себилди, бул өткөн жылдын тиешелүү күнүнө караганда 6 миң гектарга аз.

23-майына карата жаздык өсүмдүктөрдү түрлөр боюнча себүү

Өткөн жылдын ушул эле күнүнө карата жаздык өсүмдүктөрдүн себилген аянттарына карата азайышы май өсүмдүктөрүнүн – 14%, дан буурчактар – 11%, пахта өсүмдүктөрүнүн - 10%, көп жылдык чөптөр - 3%, жаздык буудайдын жана жаздык арпанын – 1% кыскарышына байланыштууу болду.

Муну менен катар кант кызылчасынын айдоо аянты 4 миң гектардан ашык, дандык жүгөрү - 4 миң гектарга жана картошка - 0,5 миң гектарга көбөйдү.

Жаздык эгиндердин жалпы аянтында эң чоң салыштырма үлүшү Чүй облусунун чарбаларына 34% жогору, Ош облусунун чарбаларына 15%, Ысык-Көлдө облусунун чарбаларына 14% жана Жалал-Абад облусун чарбаларында 13% туура келди.

23-майына карата жаздык өсүмдүктөрдүн аймактар боюнча себилиши

Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Талас облустарынын айрым айыл аймактарында жаздык эгиндерди себүү иштери улантылууда.

Маалымдама: 2022-жылы 2023-жылдын түшүмү үчүн күздүк эгиндердин себүү айянты 141 миң гектардан ашыкты же 2021-жылга карата 100 пайызды түздү, анын ичинен Талас облусунун чарбаларында күздүк өсүмдүктөрдү себүү 20 пайызга жана Ысык-Көл облусунда 38 пайызга көбөйдү.

Пикир

Оставить комментарий