• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда желим баштыктарды колдонууга чектөө киргизүү пландалууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 12.06.23. /Кабар/. Тармактык комитет «КР аймагында полимер пленкасынан пакеттерди жүгүртүүнү чектөө жөнүндөгү” мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды

Мыйзам долбоору боюнча депутат Марлен Маматалиев маалымат берди. Полимердик материалдардын ден соолукка жана айлана-чөйрөгө зыяндуу таасирин азайтуу максатында мыйзам долбоорлору иштелип чыккан.

Талкууда депутат Дастан Бекешев мыйзам долбоорунда сунушталган нормаларды ишке ашыруу механизмдерин кароо зарылдыгын белгилеп, чектөө чараларын этап менен киргизүүнү сунуштады. Полимердик материалдардан жасалган бир жолу колдонулуучу таңгактарды алмаштыруу маселесин депутат Султанбай Айжигитов тактады. «Полимердик материалдардан жасалган таңгак каптарды эмнеге алмаштырууну сунуштайсыз?», - деди депутат Султанбай Айжигитов. Марлен Маматалиев биологиялык жактан ажыроочу таңгактарды колдонуу сунушталууда деп жооп берди.

Депутат Айсаракан Абдибаева полимер пленкалуу баштыктарды колдонууга тыюу салууну киргизүүнү сунуштады. Депутат Надира Нарматова полимер пленкалуу баштыктарга тыюу салууну киргизүүдөн мурун альтернатива сунуштоо керектигин белгиледи.

Ал эми депутат Камила Талиева бул мыйзам долбоорун колдоп, полимердик материалдардын адамдын ден соолугуна тийгизген зыянын азайтуу керектигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий