• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Министр Алтынбек Максутов КР Эл артисти Замирбек Үсөнбаевден кабар алды

Коом 0

Бишкек, 09.10.23. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов КР Эл артисти, белгилүү төкмө акын Замирбек Үсөнбаевдин үйүнө барып, акындын ден-соолугунан кабар алды.

Ведомстводон билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө министр менен КР Эл артисти маданият, адабият, манасчылык, акындык өнөр жаатында кеңири маектешти.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Алтынбек Максутов былтыр, тактап айтканда 2022-жылы Замирбек Үсөнбаевдин 70 жылдык мааракесине карата дастанчы, акындар арасында өткөн кароо-сынакты эске салып, ишти кайрадан жандандырып, аны улантууну сунуштады.

Ошондой эле маектешүүчүлөр акыркы учурда маданият жаатында жасалып жаткан иштер жана алдыга койгон пландар тууралуу пикир алмашышты.

Пикир

Оставить комментарий