• 88.68
  • 95
  • 0.95

Афганистандагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 2 миңден ашты

Дүйнө 0

Бишкек, 09.10.23. /Кабар/. Афганистандын батышында орун алган жер титирөөнүн курмандыктарынын саны 2 миңден ашты. Бул тууралуу Рейтер агенттиги Жаратылыш кырсыктары министрлигине таянуу менен билдирди.

“Афганистандагы кырсыктын кесепетинен каза болгондордун саны 2053, жабыркагандардын саны 9240ты түздү. Ошондой эле 1329 турак үй жабыркады же талкаланды”, - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин каза болгондордун саны миңден ашуун экендиги маалымдалган.

Ишемби күнү Европа -Жерортолукдеңизи сейсмологиялык борбор Афганистандын батышында күчү 6,4 баллга жеткен бир нече жер титирөө катталгандыгын кабарлаган.

Пикир

Оставить комментарий