• 88.68
  • 95
  • 0.95

Медербек Исмаилов саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 09.10.23. /Кабар/. Исмаилов Медербек Адышевич саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Министрдин жаңы орун басарын жамаатка КР президентинин администрациясынын саясатты иштеп чыгуу, реформаларга мониторинг жүргүзүүжана талдоо бөлүмүнүн башчысы Октябрь Капалбаев тааныштырды.

Пикир

Оставить комментарий