• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

А.Осмоналиев өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 01.08.18. /Кабар/. Акылбек Осмоналиев өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Осмоналиев 1964-жылы 10-августта Ош облусунун Ноокат районунда төрөлгөн.

1988-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун зоотехния адистиги боюнча аяктаган.

1997-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин юриспруденция адистиги боюнча аяктаган.

2016-жылдын апрель айынан баштап август айына чейин өкмөттүн аппаратынын башчысы болуп иштеген.

Белгилей кетсек, буга чейин Ысык-Көлдөгү өкмөттүн ыйгарымдуу өкүлү болуп Узарбек Жылкыбаев иштеген. Жакында ал Ош облусунун администрациясынын башчысы болуп дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий