• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мамлекеттик бажы кызматына жаңы төрага жана анын орун басарлары дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 26.10.21. /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматына жаңы төрага жана анын орун басарлары дайындалды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Бажы кызматынын жаңы төрагасы болуп Кубанычбеков Адилет Кубанычбекович дайындалды. Бажы кызматынын жалпы жамаатына жаңы төраганы КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тааныштырды.

Ошондой эле Мамлекеттик башы кызматынын төрагасынын орун басарлары болуп Ирискулбеков Эрик Белекович жана Абдыкалыков Азамат Орозматовичтер дайындалды.

Тиешелүү буйрукка КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Буга чейин Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы кызматын аркалаган С.С.Исабеков жана анын орун басарлары К.Т. Шатемиров жана К.Б. Мукашевдер башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматтарынан бошотулган.

Пикир

Оставить комментарий