• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Афганистандын түштүгүндө жарылуудан 15 адам көз жумду

Дүйнө 0

Бишкек, 22-июнь /Кабар/. Афганистандын түштүгүндөгү Лашкаргах шаарындагы банктын мекемесинин жанында жарылган унаанын кесепетинен эң аз дегенде 50 киши жаракат алган. Бул маалыматты Гильменд провинциясынын губернаторунун өкүлү Омар Звак билдирди.

“Жабыркагандардын арасында аскер жана жөнөкөй тургундар бар”,- деп билдирет өкүлчүлүк.

Жергиликтүү ММКлар жарылуудан 15 адам көз жумганын кабарлашты.

Телеканалдын берген маалыматына ылайык, жарылуу жергиликтүү убакыт боюнча саат 12:00 чамасында Гильменд провинциясындагы администрация борборунда болгон. Мурдараак ошол эле телеканал Лашкаргах шаарындагы “New Kabul Bank” имаратына бир нече куралчан адамдар кол салганын билдирген болчу.

Булагы: РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий