• 88.68
  • 95
  • 0.95

Балыкчыда «Бузулбас боордоштук-2023» машыгуусунун ачылыш аземи өттү

Коом 0

Бишкек, 09.10.23. /Кабар/. Бүгүн «Эдельвейс» полигонунда Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим Уюмунун (ЖККУ) тынчтыкты сактоочу күчтөрү менен биргелешкен «Бузулбас боордоштук-2023» машыгуусунун активдүү фазасынын ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.

Машыгуунун негизги максаты - ЖККУнун тынчтыкты сактоо бөлүкчөлөрүнүн башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын жана өздүк курамынын практикалык көндүмдөрүн өркүндөтүү болуп саналат. Ошондой эле жамааттык коопсуздуктун Борбордук Азия регионунда тынчтыкты сактоо боюнча операцияларды жүргүзүүдө аскер бөлүктөр менен кошуундардын шайкештигин жогорулатуу болуп саналат.

Машыгуунун жүрүшүндө бийик тоолуу шарттарда кризистик зонада конфликтен кийинки жөнгө салуу – ЖККУнун жамааттык коопсуздук системасынын күчтөрүн жана каражаттарын колдонуу менен тынчтыкты сактоо операциясын өткөрүү жана гуманитардык жардам көрсөтүү маселелери иштелип чыгат.

Практикалык иш-аракеттерде ЖККУга мүчө мамлекеттердин ӨКМ, ИИМ, УКМК Жамааттык күчтөрү менен бирдикте блокпосттордо жана жабыркагандарды кабыл алуу пункттарында, колонналарды жана жүктөрдү коштоодо, калктуу конушту бошотууда, «барымтадагыларды» куткарууда жана гуманитардык жардам көрсөтүүдө окуу-күжүрмөн тапшырмаларды аткарууну көрсөтүлөт.

КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысынын биринчи орун басары Артур Темировдун жетекчилиги алдындагы «Бузулбас боордоштук-2023» машыгуусуна Кыргызстан, Беларусь, Казакстан, Россия жана Тажикстандын тынчтыкты сактоо күчтөрүнүн улуттук контингенттери, ЖККУнун Бириккен штабынын жана Катчылыгынын оперативдик топтору катышууда.

Машыгууга бардыгы болуп 1500гө жакын аскер кызматчылары, 200дөн ашык атайын-бронетанкалык жана автомобилдик техникалар, аскердик штурмалык жана транспорттук авиация, учкучсуз авиация жана күжүрмөн катерлер тартылган.

Пикир

Оставить комментарий