• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкекте коомдук транспортту жакшыртуу маселеси талкууланды

Коом 0

Бишкек, 15.12.23. /Кабар/. Бишкекте коомдук транспортту жакшыртуу маселеси талкууланды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинде көйгөйлөрдү чечүү жана коомдук транспорттун ишин жакшыртуу боюнча жыйын өттү.

Департаменттин жетекчилиги шаардык каттамдарды тейлеген жүргүнчү ташуучу фирмалардын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Жыйындын жүрүшүндө кыш мезгилинде бардык коомдук транспорттордун пландуу чыгуусун көбөйтүү, жүргүнчүлөрдү отургузуу жана түшүрүүнү токтотуу пункттарында гана ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, жарандардын жолдордогу коопсуздугу боюнча маселе каралып, коомдук жүргүнчүлөрдү ташуучу унаалардын катышуусундагы жол кырсыктарынын себептерин, ошондой эле унаалардын техникалык жана санитардык абалын талданды.

Жыйында борбордун транспорт тармагын жакшыртуу боюнча биргелешкен системалуу иштердин маанилүүлүгү белгиленди. Ишканалардын жана жүргүнчү ташуучу фирмалардын жетекчилерине коомдук транспорт менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилиги эскертилди.

Жыйындын жыйынтыгында жогоруда айтылган маселелерди тез арада чечип, жүргүнчүлөрдү тейлөө тартибин жана коомдук транспорттун айдоочуларынын жол эрежесин так сактоосуна көзөмөлдү күчөтүү тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий