• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте ишембилик өтүп, 48 тонна таштанды чогултулду

Коом 0

Бишкек, 30.05.21. /Кабар/. Дем алыш күндөрү бишкектиктер шаарды салттуу тазалоо иштерине чыгышты.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жалпы шаардык ишембиликке 6 миңден ашуун адам катышты, алардын арасында шаар тургундары, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кызматкерлери, ошондой эле уюмдар, ишканалар жана чарбалык субъектилер бар.

48 тонна таштанды чогултулуп, "Тазалык" муниципалдык ишканасы тарабынан 30 бирдик атайын техниканы тартуу менен чыгарылды.

Пикир

Оставить комментарий