• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Россияда мекенине кайтууну каалаган кыргызстандыктарга учак жана автобуска жасалма билеттерди сатышкан

Коом 0

Бишкек, 16.05.20. /Кабар/. Кыргызстандын Россиядагы элчилигине алданып калган кыргызстандыктар кайрылууда. Бул тууралуу элчиликтин алдындагы коронавирустук инфекциянын жайылуусуна каршы күрөшүү боюнча штабдан билдиришти.

“КРнын РФдагы элчилигине алданып калган кыргыз жарандары кайрылууда. Аларга белгисиз адамдар Оренбург шаарына жана Кыргызстанга чейин жетүү үчүн автобустарга жана учактарга жасалма билеттерди саткан. Алар мекенине кайтууну каалаган кыргыз жарандарынын тизмесин түзүп, документтерди, ошондой эле миграциялык карта жана каттоону жасашкан”, - деп айтылат маалыматта.

Буга байланыштуу элчилик жарандарды мындай шылуундардын колуна түшүүдөн этият болууга чакырат. Зарыл учурда Россия ИИМинин аймактык бөлүмдөрүнө, ошондой эле элчиликтин Консулдук бөлүмүнө кайрылууну өтүнөт.

“Белгилей кетсек, алдамчылык менен алектенген көз боёмочулар Россия Федерациясынын мыйзамына ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылат”, - деп кошумчалашты элчиликтен.

Пикир

Оставить комментарий