• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте митингдерге каршы митинг өттү

Коом 0

Бишкек, 12.12.20. /Кабар/. Бүгүн Бишкектеги Ала-Тоо аянтында жарандарды митингдерден алыс болууга чакырган митинг өттү.

Уюштуруучулардын бири Алманбет Ырысалиев билдиргендей, катышуучулар митингдерге жана провокацияларга каршы чыгууда.

“Митингдер жана төңкөрүштөр өлкөдөгү абалды туруксуздаштыргысы келген чагымчылдарга гана керек экендигин түшүнүшүбүз керек. Биз шайлоонун тынч өтүшүн каалайбыз. Биз БШКдан шайлоону таза өткөрүүсүн суранабыз, ошондой эле жарышка катышкан бардык талапкерлерден татыктуу жана чынчылдык менен катышуусун өтүнөбүз. Эч кандай чыр-чатактар ​​болбосун жана карапайым калк жабыркабасын”,- дейт активист.

Пикир

Оставить комментарий