• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Коменданттык саатты 2 саатка кыскартуу пландалууда

Коом 0

Бишкек, 15.04.20. /Кабар/. Коменданттык сааттын убактысын 2 саатка кыскартуу пландалууда. Бул тууралуу республикалык ыкчам штабдан билдиришти.

Штабдан белгилешкендей, коменданттык сааттын убактысын кечки саат 21:00дөн эртең мененки 06:00гө чейин деп белгилөө каралууда.

Учурда өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленген.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 15-апрелге карата коронавирус жуктурган 19 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 449га жетет. Алардын ичинен 78 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 5 адам каза болду.

Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий