• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Саламаттык сактоо министрлигинде имаратты кайтарган милиционер коронавирус жуктуруп алган - Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 15.04.20. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлигин кайтарган милиционер коронавирус илдетин жуктуруп алган. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, коронавирус жуктуруп алган 98 медицина кызматкеринин ичинде коронавирус менен күрөшүү боюнча ыкчам штабда иштеген кызматкерлер да бар.

“Биз ал кызматкерлерден коронавирус аныкталганда Саламаттык сактоо министрлигинин жамаатын толугу менен текшердик – 100гө жакын адам. Коронавирус имаратты кайтарган милиционерден аныкталды. Эпидемиологияга каршы бардык чаралар көрүлдү. Жамаат текшерүүдөн өтүп жатат. Күн сайын Үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгерлери келип алардын абалын тешкерүүдө. Ошондой эле имаратта дезинфекция жасалды”, - деди Үсөнбаев.

Ал кошумчалагандай, ведомтсво мүмкүн болушунча кызматкерлерди аралыктан иштөөгө жөнөттү, бирок, бардыгын жибере албайт.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 15-апрелге карата коронавирус жуктурган 19 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 449га жетет. Алардын 98и медицина кызматкерлери. 78 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылса, илдетти жуктурган 5 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий