• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМК коррупция менен күрөшүү боюнча бирдиктүү эсепке 67 млн сом которду

Коом 0

Бишкек, 30.01.20. /Кабар/. КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) бирдиктүү депозиттик эсепке 67 млн 644 миң 674 сом которду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндө кылмыш иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндан орду толтурулган акча каражаттарды сактоо жана каттоо үчүн ачылган бирдиктүү депозиттик эсепке жалпысынан 371 млн 291миң 036 сом которулду.

Пикир

Оставить комментарий