• 88.68
  • 95
  • 0.95

ӨКМ кыргызстандыктарга Казакстан аркылуу Россияга сапарга чыкпай турууну сунуштайт

Коом 0

Бишкек, 11.02.24. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кыргызстандыктарга Казакстан аркылуу Россияга сапарга чыкпай турууну сунуштайт

Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин берген маалыматына ылайык, 8-февралда аба ырайы кескин өзгөрүлүп Самара—Шымкент унаа жолунун айрым жерлеринде кар күрткүдөн улам унаалардын өтүүсүнө кыйынчылык жаралган.

Кызыл-Орда жана Түркестан шаарларына жакын тилкелерде унаа жолу толугу менен жабылган.

9-февралда Актөбе облусунун Кара-Бутак айылынан Хромтау шаарына чейин жеңил унааларга жол ачылган. Шаардагы №3 жана №5 орто мектептеринде ачылган жылынуучу пункттарга жолдо калган жарандар тамак-аш менен камсыздалып, жайгаштырылган.

Учурда "Казавтожол" ААКнын жана Казакстандын куткаруучулары жолду ачуу боюнча иш алып барууда.

Мындан улам Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кыргызстандык жарандарды Казакстан аркылуу Россияга жана Казакстандын аймагына убактылуу унаа менен баруудан карманып турууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий