• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкек мэриясы: Сейил бактагы митингге балдардын катышуусуна жооптуу адамдар жазаланат

Коом 0

Бишкек, 22.03.22. /Кабар/. Борбор калаанын мэриясы Горький атындагы сейил бакта өткөн митингде жашы жете электердин катышуусу тууралуу комментарий берди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, билим берүү башкармалыгынын маалыматына ылайык, сүрөттөрдө чындап эле мектеп окуучулары. Бирок, борбор калаанын мектептеринде 21-марттан 31-мартка чейин жазгы каникул.

"Балдар бул иш-чарага өздөрү мүчө болгон аскердик-патриоттук клубдун ишинин алкагында тартылган. Балдарды ата-энелери коштоп жүрүшкөн", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, клубдун жана мектептин жооптуу адамдары КР Эмгек кодексине ылайык жазага тартылат.

Пикир

Оставить комментарий