• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров Түркиянын “Battal Holding” компаниясынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 10.02.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Анкара шаарына болгон расмий сапарынын алкагында Түркиянвн “Battal Holding” фармацевтикалык компаниясынын жетекчиси Мехмет Берат Баттал менен жолугуп, компаниянын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө “Battal Holding” компаниясы жаңы өнөктөштүк мамилелерди түзүү максатында Кыргызстанда инвестициялык долбоорду ишке ашыруу жана саламаттыкты сактоо тармагында кызматташууну түзүү маселесин карап жатканын айткан Мехмет Берат Баттал Кыргызстандын аймагында компаниянын заводун ачууга жана андан ары Кыргызстан менен коңшулаш мамлекеттерге экспортко чыгууга даяр экенин билдирди.

Ал эми министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарынын аймагынан завод курууга жер бөлүп берүүгө, салык жана электр энергия жагынан жеңилдиктерди берүү сыяктуу ар тараптуу кызматташууга кызыктар экенин айтып, компания жетекчилигин Кыргызстанга келип кетүүнү сунуштады.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги менен Түрк фармацевтика жана сыворотка өнөр жай акционердик коомунун ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Белгилей кетсек, “Battal Holding” компаниясы фармацевтикалык каражаттарды чыгарат. Компаниянын капиталы 21,2 млн доллар.

Пикир

Оставить комментарий