• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенде жабыркагандарга ачылган эсепте 172 млн сом калды

Коом 0

Бишкек, 13.03.23. /Кабар/. Баткен облусунда жабыркагандарга ачылган атайын эсепте 172 млн 922 миң 638,56 сом калды. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Эске сала кетсек, 2022-жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан куралдуу агрессия көрсөтүп, мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча, тактап айтканда, Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасаган. 140 миңге жакын кыргызстандык чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланган. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, куралдуу кагылыштан 64 кыргызстандык (аскер кызматкерлери жана жай тургундар) шейит болуп, 198 киши жабыркады.

Пикир

Оставить комментарий