• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Үч жигит каза болуп, дагы үчөө жабыркады. Түптө ири жол кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 13.04.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунда 12-апрелде түнкү саат 23:14төр чамасында ири жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Балыкчы—Ананьево—Каракол унаа жолунун 204-чакырымында (Михайловка айылына жакын) Toyota Camry жана "Ауди С4" үлгүлөрүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Натыйжада 19 жана 18 жаштагы үч жигит каза болуп, дагы 20 жаштагы үч адам жабыркаган.

Тартылган куткаруучулар каза болгон адамдардын сөөгүн унаадан чыгарып, ИИМнин кызматкерлерине өткөрүп беришкен, ал эми жабыркагандар Түп райондук ооруканасына тез жардам аркылуу жеткирилген.

Куткаруу иштерине Каракол шаардык №15 өрт куткаруу бөлүгүнөн 5 куткаруучу тартылган.

Пикир

Оставить комментарий