• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте №67 мектептин окуучулары бомба тууралуу билдирүүдөн улам эвакуацияланууда

Кырсык 0


Бишкек, 01.12.23. /Кабар/. Бишкек шаарынын Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан №67 мектептен бомба изделүүдө. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мектепке бомба коюлганы тууралуу билдирүү түшкөндөн кийин балдар жана кызматкерлер имараттан эвакуацияланып баштаган.

Азыркы учурда окуя болгон жерде милиция кызматкерлери жана кинологдор иштеп атышат.

Кийинчерээк кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий