• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда аскер кызматкери өзүн-өзү атып жиберген

Кырсык 0

Бишкек, 17.08.21. /Кабар/. Жалал-Абадда №2027 аскер бөлүгүндө ыкчам кызматта кызмат өтөп жаткан М.Ж. аттуу жоокер өзүнүн төшүнө ок чыгарган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган жоокер Ноокен аймактык ооруканада дарыланууда. Анын абалы канааттандырарлык деп бааланууда. Бейтаптын жанында энеси бар экендиги айтылат.

“Аталган окуя боюнча Аскер прокуратурасы, укук коргоо орандары жана жоокердин жакындары маалымдалган. Окуя боюнча иликтөө жүрүүдө. М.Ж. кызмат өтөгүсү келбегендиктен аскер бөлүгүнүн психологунун байкоосунда болгон”, - деп айтылат маалыматта.

Алдын ала маалымат боюнча, М.Ж. кызмат өтөгүсү келбегендиктен өзүн-өзү атып жиберген.

Пикир

Оставить комментарий