• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

135 ишкана ачылып, 651 жаңы жумуш орду түзүлгөн. Жалал-Абадда жыл жыйынтыгы чыгарылды

Аймак 0

Бишкек, 11.02.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда 2020-жылдын жыйынтыгы чыгарылып, коллегиялык жыйынды облус башчысы Абсаттар Сыргабаев жетектеп, район-шаарлардын жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, анда өткөн жылы Жалал-Абад облусу мамлекеттин киреше бөлүгүн 5 млрд 572 млн сомго же 105,5 пайызга аткаргандыгы айтылды. Ал 2019-жылга салыштырмалуу 1 млрд 101 млн сомго көп болгон. Облустун өнөр жай тармагында 28 млрд 355 млн сомдук продукция өндүрүлгөн. Жыл ичинде 135 ишкана ачылып, 651 жаңы жумуш орундары түзүлгөн.

Ал эми республикалык бюджет 3 млрд 583 млн сомго камсыздалып, 104,9 пайызды ээлеген. Жергиликтүү казнанын планы 107,1 пайызды түзгөн. Пандемиялык абал облустун бардык тармактарынын өсүү ыргагына таасирин тийгизген. Ага карабай район-шаарлар мамлекеттик бюджеттин коюлган көрсөткүчтөрүн аткарууга жетишкен.

Салыктык карыздардын өсүшү өткөн жылга салыштырмалуу 14 млн 382 миң 600 сомго арткан. Ал Ноокен, Тогуз-Торо району, Жалал-Абад, Кара-Көл, Таш-Көмүр жана Майлуу-Суу шаарларында орун алган.

Облус өкүлү бул багыттагы иштин аткарылышы солгун экенин сынга алды. Салык жыйымдарын камсыздоо, көмүскө экономиканы ачыктап, казнаны толтурууда кызматкерлердин жоопкерчилиги байкалбай жатканын айтты.

"Мындагы маселеде тийиштүү деңгээлде көзөмөл болбогонун айтууга болот. Салыктын бардык түрлөрүн өз убагында төлөнүшүн камсыздоо кызматкерлердин жумушуна көз каранды. Ишкерлердин толук киреше бөлүгүн жашырып, өлкөнүн экономикасы оор абалда турганда өз кызыкчылыгын ойлогондорго мыйзам чегиндеги чара көрүлөт. Бул жылы бардык тармактарга көзөмөл күчөтүлөт. Жергиликтүү бийлик жетекчилерин элди жумуш орундары менен камсыздоодогу жаңы ири долбоорлор менен иштөөгө чакырам," - деди А. Сыргабаев.

Аймактагы тышкы соода жүгүртүү көлөмү 258 млн 309 миң АКШ долларын түзүп, 112,8 пайызды камсыздаган.

Пикир

Оставить комментарий