• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Ош шаарында эки күн ичинде 11 мас айдоочу кармалды

Аймак 0

Бишкек, 18.10.21. /Кабар/. Ош шаарында 16-17-октябрь күндөрү 11 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу Ош шаарындагы Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Ошто жол кырсыктарын болтурбоо, аларды алдын алуу, жол кыймылына тартипти күчөтүү, коомдук тартипти, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында “Бахус” (Мас айдоочу) аталыштагы рейддик иш-чарасы өткөрүлдү.

Анда шаардын кириш-чыгыш жолдорунун жети жерине жылып жүрүүчү посттор орнотулуп, кызматкерлер ар бир унааны токтотуп, текшерүүгө алышты.

Эки күндүк иш-чаранын жүрүшүндө, коомдук тартипти бузган жарандарга жана жол кыймылынын эрежелерин базган айдоочуларга карата Бузуулар кодексинин негизинде жалпысынан 1 миң 284 протокол толтурулду.

Алардын ичинен:

1. Транспорт каражатын тийиштүү документтери жок башкаруу 23 учур;
2. Автоээнбаштык кылуу 4 учур;
3. Жол кыймылынын эрежелерин бузган жөө адамдарга карата 4 учур;
4. Мас абалында унаа башкаруу 11 учур;
5. Автоунаанын алдыӊкы каптал терезелерин караӊгылатуу 5 учур;
6. Ички иштер органдарынын мыйзамдуу талабына баш ийбеген 3 учур катталып, 36 унаа айып короого киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий