• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Баткенде сел суулардан алдын алуу иштери башталды

Аймак 0

Бишкек, 24.02.20. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Баткен районунун Самаркандек айылынын Кулан участкасында сел жүрүүчү сайдын ичин тазалоо жана нугун буруу жумуштары башталды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Тазалоо иштери 2020-жылдын “Атайын алдын алуу жана кесепетин жоюу” иш-чарасынын негизинде өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу максатында жүрүүдө.

Сел жүрүүчү сайдын ичин тазалоо жана нугун буруу үчүн КР ӨКМден инженердик техника тартылып, 2000 метр аралыкта иштөө жумуштары башталды.

Тазалоо иштердин натыйжасында Жаңыбак, Ортосай айылдарындагы турак жайларды жана мектеп, бала бакчалар корголот.

Пикир

Оставить комментарий