• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте кичи автобустун катышуусу менен жол кырсыгы болду – фото

Коом 0

Бишкек, 24.02.20. /Кабар/. Бишкектин А.Токомбаев (Түштүк магистраль) жана Сухэ Батор көчөлөрүнүн кесилишинде «Мерседес Спринтер» жана «Фольксваген Пассат» унааларынын катышуусу менен жол кырсыгы болду.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, жол кырсыгы бүгүн, 24-февраль күнү болжол менен саат 13:00дө болгон.

Кичи автобустун 34 жаштагы Б.К. аттуу айдоочусу Түштүк магистраль менен бара жатып жеңил унааны сүзүп алган.

Алдын ала маалымат боюнча, жол кырсыгынан кичи автобустагы эки жүргүнчү аял жабыркаган.

Бардык материалдар Бишкек шаардык милициясынын тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген. Эки унаа айып токтотуучу жайына коюлган.

Пикир

Оставить комментарий