• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ӨКМ: Жүк ташуучу унаалар кышка даяр эместигинен жолдо тыгын пайда болууда

Коом 0

Бишкек, 15.01.18. /Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолундагы абалды текшерүү максатында чыгып кеткен КР ӨКМнин ыкчам тобунун 11-январь саат 17:30га берген маалыматына ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун 198-чакырымына жетип, унаа жолунда айрым жерлерде кыска мөөнөттө тыгындар болгондугун, себеби унаалардын айрымдары кышкы мезгилге карата даярдыка келтирилбегендиги болууда. Атап айтсак ашууларда дөңгөлөктөргө чынжырлардын байланбагандыгынан улам оор жүк ташуучу унаалардын жүрүүсүнө кыйынчылыктар жаралып, башка унааларга тоскоолдуктарды жаратып жатат. Ыкчам топ жеринде иш-алып барып, тыгындарды жоюу, кыйынчылыка кабылган унааларга жардам көрсөтүү иш-чараларын координациялап жатат. Жол тейлөө ишканасынын (ДЭП) кызматынын атайын унаалары тазалоо иш-чараларын жүргүзүп жатышат.

Эскерте кетсек, унаа тыгындарын алдын алуу, болтурбоо жана жол тазалоо иштерин жүргүзүү максатында "Сосновка" постунда саат 12:00дөн баштап чоң оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилген, жеңил унаалар өтүүдө. Өзгөчө кырдаалдарга кабыл болсоңуз, 112 кызматына чалыңыз, чалуу акысыз.

Пикир

Оставить комментарий