• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда бир жумада 20,3 миңден ашуун жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Коом 0

Бишкек, 31.07.23. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылы 24-июлдан 30-июлга чейин Кыргызстандын аймагында 20 миң 327 жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

- тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 229;
- мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу – 248;
- авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 51;
- жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 1 548;
- транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 4 162;
- авто ээнбаштык – 7;
- белгиленген ылдамдыктан ашуу – 4 710;
- жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 6;
- башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 9 366;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 миң 350 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий