• 88.68
  • 95
  • 0.95

Сузак районунда селдин кесепеттерин калыбына келтирүү иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 05.05.22. /Кабар/. Сузак районунун Барпы жана Атабеков айыл аймагындагы селдин кесепеттерин калыбына келтирүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 4-май күнү нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Сузак районунун Барпы жана Атабеков айыл аймагындагы 654 турак үйдү, 10го жакын социалдык мекемелерди сел каптаган. Аталган айылдардан жалпы 1063 адам эвакуацияланган.

Бүгүн окуя болгон айылдарга президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев барып, абалды жеринен көрүп чыкты.

Өкүл бардык тийиштүү тармактардын жетекчилери менен ыкчам штаб өткөрүп, калыбына келтирүү иштерин күчөтүүнү тапшырды. Арык каналдарды тазалоо, турак үйлөрдөн сел сууларын чыгарууда жетиштүү атайын техникаларды тартуу, калкка медициналык жардам көрсөтүүнү камсыздоону тапшырды.

Азыркы учурда жарандык коргонуу кызматынан 260 жаран, өздүк курамдан 135 кызматкер тартылып, сел каптаган турак үйлөрдө тазалоо иштерин аткарууда. Мындан сырткары ӨКМден 12 бирдик техника, Жарандык коргонуу кызматынан 30 техника тартылып, кырдаалды жөнгө салуу жумуштары жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий