• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош облусунун башчысы сел катталган аймактарга барып, абалды жеринен көрдү

Аймак 0

Бишкек, 05.05.22. /Кабар/. КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов 3-май күнү Алай районунун сел катталган айылдарына барды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун башчысы райондун Корул, Гүлчө жана Жошолу айылынын тургундары менен жолугушуп, сел кирген жайларды көрүп чыкты. Зиядин Жамалдинов селдин кесепеттерин жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан жумуштар менен таанышып, жарандардын жардамдар көрсөтүлөт деп билдирди.

Ошондой эле электр жарыгысыз жок олтурган Жошолу айылына бүгүн электр жарыгын тартуу боюнча тапшырмаларды берди. Мындан сырткары, сел алган жолдорду тазалоо иштерин жүргүзүп жаткан жол тейлөөчү мекеменин техникаларынын күйүүчү май маселесин чечип берди.

Белгилей кетсек, Алай районунда катталган селдин кесепетинен.Корул айыл ѳкмѳтүнүн 4 айылында жалпы 229 турак-үйлѳргѳ сел суулары кирген анын ичинен 41 үйдүн жер тѳлѳѳсүнѳ кирген.Гүлчѳ айыл ѳкмѳтүнүн 1 айылында 17 турак үйдүн короосуна жана 1 турак үйдүн ичине сел суулары кирген.

Коңур-Дѳбѳ айыл ѳкмѳтүнүн 2 айылында 14 жарандын турак үйүнүн короосүна сел суулары кирген. Жошолу айыл ѳкмѳтүнүн 2 айылында 27 турак үйдүн короосуна жана 2 үйдүн ичине суу кирген. Жалпысынан Алай району боюнча 287 турак үйдү сел суулары каптаган.

Корул айыл ѳкмѳтүнүн Тогуз-Булак айылында кѳпүрѳ селдин кесепетинен жараксыз абалга келген.

Ал жерге жол тейлѳѳ мекемесинен 9 техника тартылып, убактылуу сай аркылуу жол салынып, кѳпүрѳнү калыбына келтирүү иштери жүрүүдѳ. Азыркы учурда ƟКМнден жалпы 69 кызматкер сел суулары каптаган үйлѳрдү, жалпы 5 техникасы сел калдыктары толуп калган жолдорду тазалоодо.

Жалпы район боюнча Жарандык коргонуу кызматтыры, КР коргоо министрлигинин кызматкерлери жана ƟКМ кызматкерлерин кошкондо жалпысынан 14 техника жана 191 кызматкер иш алып барууда.

Ош облусунун аймагында катталган селдин кесепеттерин жоюу боюнча жер-жерлерде жумуштар жүргүзүлүүдө. Кырдаал КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдиновдун жеке көзөмөлүндө.

Пикир

Оставить комментарий