• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош шаарынын борборунда жайгашкан 4 кабаттуу үйү бар жер тилкеси мамлекетке алынды

Аймак 0

Бишкек, 24.04.24. /Кабар/. Ош шаарынын борбордук аянтына жакын жайгашкан 4 кабаттуу үйү бар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК тарабынан жеке менчикке мыйзамсыз берилген жер тилкелерин аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Ош шаарынын борбордук аянтына жакын жайгашкан жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.

Тактап айтканда, А.С. аттуу жаран Ош айыл чарба техникумунун жетекчиси болуп турган учурда жалпы аянты 266 чарчы метр болгон окуу жайдын жер тилкесин менчиктештирип, Ош шаарындагы Мухтар Нургазиев көчөсүнүн (мурдагы Клубная көчөсү) №3 дарегинде 4 кабаттуу 647,28 чарчы метр курулуш тургузгандыгы аныкталды.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен менчик ээси жогоруда аталган 4 кабаттуу үйү бар жер тилкесин Ош шаардык мэриясынын балансына өз ыктыяры менен өткөрүп берди. Белгилей кетсек, аталган мүлктүн наркы 50 млн 241 миң 145 сомго бааланган.

Учурда УКМК жеке менчикке мыйзамсыз берилген жер тилкелерин аныктоо иштерин улантууда.

Пикир

Оставить комментарий