• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто таштандыларды сорттоочу төртүнчү аянтча ишке кирди

Аймак 0

Бишкек, 20.09.23./Кабар/. Ош шаарында таштандыларды сорттоочу төртүнчү аянтча ишке кирди. Ал Алай көчөсүндө жайгашкан.

Ош шаардык мэриясынан билдиришкендей, жолбоор менен Оштун мэри Бакытбек Жетигенов жеринде таанышып чыгып, анын шаардагы экологиялык абалды жакшыртуудагы маанилүүлүгүн белгилеп, долбоорду улантууну тапшырды.

Белгилей кетсек, долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында ар бир аянтчадан мурункуга караганда, сегиз эсе аз таштанды чыгарылган.

Мындай аянтчалар шаардын бардык аймагында курулат.

Пикир

Оставить комментарий