• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаров Кореянын президенти Юн Сок Ёль менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 20.09.23./Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Нью-Йоркко болгон иш сапарынын алкагында Корея Республикасынын президенти Юн Сок Ёль менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Өлкө лидерлери саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун негизги аспектилери боюнча пикир алмашты.

Садыр Жапаров бул жолугушууну уюштуруу демилгеси үчүн Корея президентине ыраазычылык айтып, эки өлкө ортосундагы мамлекеттер аралык мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө жаңы дем берет, деген ишенимин билдирди.

Ал Корея менен кызматташтыкты чыңдоо жана өнүктүрүү – өлкөнүн тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин баса белгиледи. Кыргызстан Корея Республикасын Азия-Тынч океан аймагындагы маанилүү жана артыкчылыктуу өнөктөштөрүнүн бири катары эсептейт.

Мамлекет башчысы Корея менен кызматташуунун бардык артыкчылыктуу багыттары боюнча өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө абдан кызыкдар экендигин билдирди.

Экономикадагы "жашыл долбоорлордун" ордуна тышкы карызды реструктуризациялоо тууралуу кыргыз тараптын демилгеси тууралуу айтып жатып, Садыр Жапаров кызматташуунун бул вариантын эки тараптуу контекстте кароону да сунуштады.

Мамлекет башчысы акыркы жылдары эки тараптуу саясий диалог жигердүү өнүгүп жатканын канааттануу менен белгиледи. Ошону менен бирге Кыргызстандан Кореяга Мамлекет башчысынын деңгээлиндеги акыркы сапары мындан он жыл мурун болгонун айтты. Ал эми Корея тараптан Кыргызстанга мамлекет башчынын деңгээлинде сапары боло элек.

Учурдан пайдаланып, президент Садыр Жапаров Корея лидерин Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Өз кезегинде Кореянын президенти Юн Сок Ёль Президент Садыр Жапаров менен учурашып жатып, аны менен жеке таанышканына кубанычта экенин белгиледи.

Ал Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы акыркы убакта активдешкен эки тараптуу мамилелерди жана өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык, туристтик жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүүнү тездете турган түз аба каттамынын ачылышын өзгөчө канааттануу менен белгиледи.

Юн Сок Ёль Кыргызстанда жаңы шаарлардын курулушу, ири инвестициялык долбоорлор тууралуу кабардар экенин айтып, корей тараптын аларды ишке ашырууга катышууга даярдыгын баса белгиледи.

Баарлашуунун жүрүшүндө Юн Сок Ёль Корея өз тарабынан алдыңкы технологияларды колдонуу жаатындагы мыкты тажрыйбасын керек болгон бардык адамдар менен бөлүшүүгө даяр экендигин баса белгиледи.

Сөзүнүн аягында Корея президенти Садыр Жапаровго Кыргызстанга келүүгө чакырганы үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкө ортосундагы саясий диалогду бекемдөөгө даяр экендигин айтты.

Пикир

Оставить комментарий